Спорт менен машыккан балдар уюшкан кылмыштуу топтун иштерине аралашканы өкүндүрөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат жыйында айтты.
"Биздин спорт менен машыккан балдар, спорт чеберлери кылмыштуу топко аралашып калганы эң өкүнүчтүү болуп жатат. Алар ден соолугун карап, өлкө туусун көтөрүп, спорттук мелдештерде орундарды, медалдарды алып келсе бизди сүйүнтөт эле. Өкүнүчтүүсү, биздин спорт менен машыккан кээ бир жаштар аралашып, биз аларды кармап, кылмыш жообуна тартып жатабыз.
Азыркы кезде спорт зал ээлери менен сүйлөшүп, иш жүргүзүүдөбүз", - деди Абдиев.
Эске салсак, буга чейин Ошто арматура менен жаранды сабап өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири Эламан Коргонбай уулу ММА мушкери болгону маалымдалган. Ал 14-январда Чүй облусунун аймагында кармалган.