Футбол: "Челси" клубу украиналык футболчуну 100 миллион еврого сатып алды

Лондондун "Челси" футболдук клубу украиналык оюнчу Михайло Мудрикти 100 миллион евродон ашык акчага сатып алды. Мындай маалымат аталган клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Футболчу "Стмфорд Бридж" стадионунда презентацияланды. Ал эл алдына Украинанын желегин жамынып чыкты.

Медициналык текшерүүлөр жекшембиге пландалып, андан кийин 2030-жылга чейин келишим түзүлөт.

Оюнчу менен түзүлгөн келишим Англия Премьер-Лигасынын тарыхындагы эң кымбат кышкы трансфер болуп калды, ошондой эле Мудрикти украиналык эң кымбат оюнчуга айлантты. Буга чейинки рекорд Андрей Шевченкого таандык, ал үчүн "Челси" 2006-жылы дээрлик 44 миллион евро төлөгөн.

Буга чейин Мудрик Донецктин "Шахтёр" футболдук клубунда ойноп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан