Чүй облусунун Жайыл районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда каза болгон 6 жаштагы кыздын үй-бүлөсү социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турат. Бул тууралуу Кара-Балта шаардык мэриясына байланышканыбызда билдиришти.
"Атасы көп жылдан бери Орусияда иштейт. Бирок жыл сайын үй-бүлөсүнө келип турат. Социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турат. Декабрь айынын башында апасы дагы Орусияга кетиптир. Ата-энеси ал жактан үй даярдап, 2023-жылы жазында балдарын Орусияга алып кетүүнү пландашкан.
Каза болгон кыз үйдүн эң кичүүсү болгон. Таекесинин колунда калган. Ата-энесин сагынып, куса болуп тамак ичпей калыптыр. Андан кийин апасын чакыртышып, ал январь айынын башында келген экен.
Бүгүн биздин башкы адис социалдык башкармалыктын кызматкерлери менен аларга барып келди. Апасы "мен келген учурда деле тамак жебей калган. Кичинекей бала ооруп кайра айыгып кетет деп ойлогом. Кызыма тамакты кыйнап жедиртип жаткам" деп ыйлап айтыптыр", - дешти мэриядан.
Ошондой эле социалдык башкармалык тарабынан үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлүп турарын кошумчалап өттү.
"2022-жылдын декабрь айында үй-бүлөгө мэриядан көмүргө 5 миң сом, 50 килограмм ун жана башка азык-түлүктөр берилген", - деп билдиришти мэриядан.
Белгилей өтсөк, Чүй облусунун Жайыл районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда 6 жаштагы кыз каза болгону маалымдалган. Облустук милициядан аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган.