"Үйдүн суугунан кыздарым ооруду". Бийлик электр тармагындагы кризис менен кантип күрөшүп жатат?

Өлкө аймактарында, анын ичинде борбор калаадагы айрым райондордо, көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясын берүү маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жатат. Ошол эле учурда "электр жарыгын үнөмдөгүлө" деген эскертүүлөр байма-бай айтылууда.

Буга чейин "Кыргыз улуттук электр тармагы" ишканасы өлкө аймагында электр кубаты менен камсыздоодо кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учуроолор болушу ыктымал экенин эскерткен.

16-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев суук күндөрү энергетика тармагында ири авария катталбагандыгын жана жарыкты атайылап өчүрүү болбогондугун билдирген. Ошондой эле электр энергиясын кыска убакытка өчүрүлүшү жөнгө салуучу чара экенин айткан.

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган айрым тургундар бир күндө 2-3 маалдан жарык өчүрүлүп жатканын билдиришип, муну мезгил-мезгили менен өчүрүүлөр деп баалашууда.

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүп турганы кичинекей балдары бар, үй-бүлөлөргө кыйынчылык жаратканын айтты.

"Бизде үч күндөн бери күндүзү 9дан 12ге чейин, кечкисин саат 7ден 8ге чейин жарык өчүп жатат. Күндүн суугунда кичине балдарыбыз менен кыйналып жатабыз. Чоң-Арык айылында мындан башка дагы электр жарыгы себепсиз өчүрүлө берет", - деген тургун.

"Электр жарыгы бир күндө эки жолудан өчүп жатат. Түшкү саат экиден кийин жана кечки сегизден кийин бир саатка өчүрүлүп жатканына бир жума болду. Башында 2 сааттан өчүп жаткан. Үйүндө кичинекей балдары же оорулуу адамы барлар, отун-суусу аздар кыйналып жатышат", - дейт Ысык-Көл облусундагы Семеновка айылынын тургуну.

Ошондой эле Назима аттуу студент Бишкектеги Ак-Ордо 2 конушунда күн алыстан электр жарыгы өчүрүлүп, ал окуудан келгенче үйү муздап калып жатканын айтты.

Военно-Антоновка айылынын Фатима аттуу тургуну эки бөлмөлүү батирде үч кызы менен жашайт. Ал батиринде шарт жок болгондугуна байланыштуу электр жылыткычын колдонот. Айтымында, мындайда электр жабдыгына күч келип, электр энергиясын 3 саатка дейре үнөмдөөгө туура келет.

"Былтыр шартка байланыштуу бул батирде калып калганбыз. Эки бөлмөлүү, анын бирөөсүн гана электр жылыткычы менен жылытабыз. Дээрлик бир айдан бери ушу көрүнүш, жылыткычты саат кечки 6дан 9га чейин өчүрүп коёбуз. Иштетсек эле жарык өчүп калат. Өткөн аптадагы катуу суукта кыйналдык. Сууктан кыздарым сасык тумоо болгонго чейин барды. Анысы аз келгенсип, 1 жумадан бери электр жарыгын бир жарым саатка өчүрүп коюп жатышат. Кечээги күнү эки маал өчүрүштү", - деди ал.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну Адема электр жарыгы күн алыстан өчүп жатканын айтты.

"Жарык өчкөн түнү шам жагып отурасың, дагы жакшы, бизде газ бар. Газы жок, көмүр жакпагандарга кыйын эле болду. Аткени биз жашаган шаарда көмүрдү көп колдонушпайт. Электр жарыгынын күндүз өчкөнү анча билинбейт деле. Түнкүсүн дайыма 5 мүнөткө, жарым саатка же таң атканга чейин өчүрүп коюп жатышат. Апам үйдө онлайн иштейт, ага да тоскоолдук жаратып жатат", - деди Адема.

Ошондой эле бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев өкмөттөн электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча график түзүүнү талап кылган. Андан соң "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы өлкөдө электр жарыгын өчүрүүлөр боюнча алдын ала маалымат берилип турарын маалымдаган.

2022-жылдын жылытуу мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясына болгон керектөөсү 15,9 миллиард киловатт саатты түзсө, 2023-жылы электр энергиясынын керектөөсү 16,6 миллиард киловатт саатты түзөөрү күтүлүүдө. Мындан улам ортодогу тартыштык 1,9 миллиард киловатт саат болушу ыктымал. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Биринчи радиосунда маек берип жатып билдирген.

Анда өкмөт өкүлү тартыштыкты кыскартуу максатында Казакстан жана Түркмөнстандан 2 миллиард киловатт саат электр энергиясын импорттоо келишимдери түзүлгөндүгүн айткан.

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын маалыматына таянсак, Казакстан менен 2022-жылдын март айынан 2023-жылдын март айына чейинки мезгилде 1050,0 миллион киловатт саат көлөмүндө электр энергиясын берүүгө келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Казакстандын энергетикалык тутумунан 570,2 миллион киловатт саат электр энергиясы импорттолуп, анын ичинен 97,0 миллион киловатт саат көлөмүндө электр энергиясы быйылкы жылдын январь айында кабыл алынган.

Ал эми бул жылы бир гана Түркмөнстандан 1,6 миллиард киловатт саат электр энергиясын импорттоо пландалууда.

Буга чейин электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткени маалым болгон.

Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 221 миллион метр кубду түздү. Былтыр, 2022-жылы 18-январда суу сактагычта 9 миллиард 559 миллион куб метр суу бар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан