Электр энергиясы качан өчүрүлөрү тууралуу маалыматты кайдан билсе болот? Жооп

Өлкөдөгү электр жарыгын кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу маалыматты аймактык электр тармактар мекемелери таратат. Бул туурасында "Улуттук энергохолдинг" ишканасынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев өкмөттөн электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча график түзүүнү талап кылган. Ал эми "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы өлкөдө электр жарыгын өчүрүүлөр боюнча алдын ала маалымат берилип турарын маалымдаган.

Аталган мекемеден билдиргендей, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулаган. Буга байланыштуу электр жабдууларга күч келгени айтылат.

"Буга чейин кайсы аймакта, кайсы убакта керектөө көп болорун айтуу мүмкүн эмес болчу. Акыркы бир нече күндөгү ашыкча жүктөмдөр менен байланышкан өчүрүүлөрдү талдап чыккандан кийин, мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр күтүлүп жатканын аныктоого болот. Буга байланыштуу аймактык Электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерди маалымдайт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан