Бүгүн, 19-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Анын сөөгү кичи мекени Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында жерге берилди.
"Мөлмөлүм" ыры менен элдин эсинде калган Аликеев 17-январда 53 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салган.
Белгилей кетсек, Малик Аликеев элге "Мөлмөлүм", "Арзыкан", "Таласым", "Сардал кыз", "Жалжалым" ырлары менен белгилүү. Аликеевдин маектеринен үзүндүлөрдү шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.