Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, "Мөлмөлүм" ыры менен элдин эсинде калган белгилүү ырчы Малик Аликеев бүгүн, 17-январда 53 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-январда кичи мекени Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында өтөт.
Малик Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында туулган. Беш бир туугандын кенжеси. “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым” ырлары менен эл оозуна алынган.
1985-жылдын аяк ченинде филармонияга келип “Эл ырчысы – Эстебес” тобуна ырчы катары кирген. Анда Аликеев 16 жашта болчу.
Атасынан 5 жашында айрылган болочоктогу Эмгек сиңирген артист апасы Калемкаш канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, эч нерседен кем кылбай чоңойткондугун айтып, маектеринин биринде бала чагын эскерген: "Эл катары мал менен чоңойдум. Атам мага 1 кара кашка ат энчилеп кеткен экен, аны минип, 1 кара уюм бар эле, ошону айдап алып токойду аралап заңкылдап ырдап жүрчүмүн. Эсимде, 5-классымда кой жайып жүрүп 1 бала менен сүйлөшүп отура берип 60 койду карышкырга кырдырып алгам. Анан райондон комиссия келип ызы-чуу болду. Жарымын төлөп берип, жарымын башкарма "кенедей бала ээ боло албай калыптыр" деп эптеп жапкан", - деген ырчы.
Атасы комузчу, ырчы адам болгон. Убагында Эстебес Турсуналиев менен филармонияда чогуу иштешкен. Ал эми ырчы болушуна апасынын эмгеги чоң.
"Эсимде, 1-классымда концертке катышайын деп, мектепке комуз көтөрүп барсам балдар шылдыңдашкан. Ошондо мен намыстанып, үйгө кайра качып келе бергем. Апам чыбыгын көтөрүп алып “тапкан экенсиң катышпаганды. Атаң деген залкар күүлөрдү черткен. Атаңдын жолун жолдошуң керек” деп мектепке кайра кубалап барган. Аккан арыктан суу агат окшойт да. Комузду бирөөдөн үйрөнгөн жокмун. Мектепте сөзү Какен Алмазбековго таандык “Он үч жашар баланын арманы” ыры менен белгилүү болгом.", - деген маектеринин биринде.
Ырчы "Мөлмөлүмдү" 1986-жылы Жаңы жылда Кыргыз драма театрында "Мыскыл жана тамаша" концертинде биринчи жолу ырдап чыккан.
"Радиодон кичине кезимден эле “Мөлмөлүмдү” көп укчумун. Көп уга берип эле сөздөрү жатталып, жүрөккө орноп калыптыр. 1986-жылдан 1987-жылга оогон Жаңы жылда Кыргыз драма театрында “Мыскыл жана тамаша” болуп калды. Ошондо биринчи жолу "Мөлмөлүмдү" ырдап чыктым. Мен ырдаганда чымын учпай калды. Микрофонго боюм жетчү эмес. Ал убактагы микрофондор кичирейчү эмес окшойт да. Эл аябай жакшы кабыл алышып, "Мөлмөлүмдү" бир эмес, үч жолу ырдатышты", - деген ырчы.
Малик Аликеевдин жубайы Жаңыл айым экөөнүн ортосунда бир уулу бар.
"Жыйырма үч жашымда филармониянын алдындагы студияда окуган Жаңыл деген кыз менен тааныштым. Үйдөгүлөр “апаң картайды, үйлөн” дешкенинен Жаңылды Таласка алып кеттим. Балам Кубат азыр 10-класста окуйт. Комуз чертет. Биринчи жолу 2002-жылы өзүмдүн жеке концертимди бергенде чоң сахнага чыгаргам", - дегени бар.
2020-жылы социалдык тармактарга Малик Аликеевдин төшөктө жатып ырдаган видеосу тараган. Мындан улам колдонуучулар Аликеев көптөн бери төшөктө жатат деп жазышкан. Андан кийин ырчы кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып, жарым жылдан бери төшөктө жатканы кабарланган. Ошондой эле ага операция жасатуу керек экенин ырчынын продюсери Чынара Итигулова айткан.
Ырчы оорусу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берген:
"5-6 жыл мурун жамбаш сөөгүм ооруп, ооруканага кайрылсам, врачтар артрит деп дарылашкан. Бир жарым жылдай дарыланып жүрдүм. Анан эле бир күнү үйдө отурган жеримден тура албай калдым. Бишкекке барып ооруканага көрүндүм. Травматолог-ортопед Сабырбек Жумабеков көрүп, “жамбаш сөөк менен жиликтин кошулган жери жарылып кетиптир” деп операция жасашып, жамбаш сөөк менен жиликтин ортосуна эндопротез салышты. Эндопротез Германиядан 5 миң долларга келди. Жардамым болсун деп Жумабеков миң долларын өзү төлөп, операцияны бекер жасап берди.
4 миң долларды өзүбүз, туугандар, тааныштар жардам берип чогулттук. Операция ийгиликтүү болду. Андан кийин басып жакшы жүрдүм. Былтыр айылда жүргөндө тепкичтен кулап кетип, кайра баса албай калдым. Сабырбек Жумабеков “кайра операция жасаш керек” деди. Бирок менин анализдерим жакшы чыкпай, организмге кальций жетишсиз болгондуктан кальций толукталганга чейин операциянын мөөнөтү жылдырылды. Азыр ошол кальцийге бай азык-түлүктөрдү жеп, кальций ичип жатам", - деген ырчы.
Андан кийин ырчыга атайын эсеп ачылып операциясына каражат топтоло баштаган. Бир канча шоу-бизнес өкүлдөрү, андан тышкары ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков атайын материалдык жардам бөлүп берген. Андан кийин июль айында Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан ырчы Малик Аликеевге операция жасалды. Ал эми 28-августта ырчыга "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы ыйгарылган.
2021-жылы SUPER.KG порталына берген маегинде ырчы ден соолугу жакшырып калгандыгын айтып, концертине кандай даярдык көрүп жаткандыгы тууралуу кеп кылган.
"Учурда ден соолугум жакшы болуп калды. Башыңа кыйынчылык түшкөндө баары билинет экен. Ошол эле досторуң дагы терилип калат экен. Баягы эле жалгыз апаң айланчыктап жаныңдан чыкпайт. Ден соолуктун кадырын учурунда билбейт экенбиз. Азыр эми шүгүр бир топ жакшы болуп басып калдым. Жакында Таласта өтчү концертиме даярдык көрүп жүрөм", - деген Аликеев.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти 2021-жылдын 6-июнь күнү - туулган күнүндө Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрында чыгармачылыктагы үзөңгүлөш санаалаш досторунун коштоосу менен жеке концертин берген.