Бишкектеги электр жарыгын өчүрүү боюнча график

Бүгүн, 19-январда "Бишкек электр тармактар" ишканасы калаадагы кыска убакытка электр жарыгын өчүрүү тууралуу графикти жарыялады.

Анда жазылган маалыматка ылайык, электр энергиясы 2 саат убакытка өчүрүлүп турат.

Маалым болгондой, 18-январда электр жарыгын кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу маалыматты аймактык электр тармактар мекемелери тарабынан берилери айтылган.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев өкмөттөн электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча график түзүүнү талап кылган. "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы өлкөдө электр жарыгын өчүрүүлөр боюнча алдын ала маалымат берилип турарын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан