Орус армиясы Запорожьедеги эки айылды алганын билдирди

Орус аскерлери Запорожье облусунун аймагындагы Клещеевка жана Лобковое айылдарына көзөмөл орнотту. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков брифингде билдирди.

Ал бул аймактардагы салгылашууда Украина бир эле күндө 60тай аскерин жана бир топ аскердик куралдарынан, аскердик кампасынан ажыраганын билдирди.

Ошондой эле Конашенков Херсон жана Харьков облустарында Украинанын эки Ми-8 транспорттук жана согуштук тик учагы жок кылынганын билдирди.

"Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн согуштук учагы Херсон облусунун Посад-Покровское конушунун аймагында Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн Ми-8 тик учагын абада атып түшүрдү", - деп кошумчалады ал.

Учурда аталган аймактар орус аскерлеринин көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bazar
2023-01-21 10:20:00
Нендурайын жүнбаштар, бирөөнүн жеринде бүлүк салып жүрөсүңөр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан