Маданият министрлиги "Азаттыктын" ишмердигин токтотууну өтүнүп, сотко кайрылды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу мекеме жиберген билдирүүдө айтылганын "Азаттык Медиа" сайтына жазып чыкты.

"Азаттык" 23-январда маалымдагандай, катта сотко мекеме качан кайрылган датасы көрсөтүлгөн эмес. Сотко жолдогон доо арызында министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Дал ушуну негиз кылып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "Согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Былтыр 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеп жатат.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан соң Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук процесс 26-январга белгиленген.

Сайтты жабуудан тышкары былтыркы жылдын 31-октябрында радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Antiradikal12
2023-01-24 11:23:00
Бул министрликтин озун жоюп салуу керек, доопарастар чогулуп алышкан, жогорудагы 2 доопарастын кошоматчы жугундукорлору.......
+1
Rakyl12
2023-01-24 14:49:00
Туура кылат бир тараптуу маалымат берет дайыма исламды жек корсотууну пропагандалайт.
-2
Antiradikal12
2023-01-24 18:28:00
Rakyl12, атандын башы радикал доопарас
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан