Төкмө акын Болот Назаров сот залынан бошотулду

Бүгүн, 24-январда төкмө акын Болот Назаров тосмо арыздын негизинде сот залынан бошотулду. Маалыматты Чүй облустук сотунан тастыкташты.

Маалым болгондой, Назаровго козголгон кылмыш иши бүгүн, 24-январда Москва райондук сотунда каралган.

"Жабырлануучулардан тосмо арыз түшүп, анын негизинде Назаровго карата козголгон кылмыш иши кыскарып, ал сот залынан бошотулду", - деп билдиришти соттон.

Белгилей кетсек, Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин "тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал 2022-жылдын 9-ноябрында Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан тоноочулукка шектелип кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zumrudianka
2023-01-24 21:23:00
Сразу эле бийликти апчып чапчып ыр чыгара коюп митаам катынчасынан жабыла калдынар эле, сабыр кылсанар бульбуляторунар чыгат экенго, тосмо арыз жазгандарга капа болсонор болмок эмиарыз ээсине ыраазы болгула. Эми ойлонгула осуруп алсанар да бийлик дей бербей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан