"18-20 сомдон кошуп жатат". Токторбаев күйүүчү майдын баасын арзандатуу керектигин айтты

Күйүүчү майдын баасын арзандатуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев айтты.

Депутат күйүүчү майдын дүң баасы мурдагыдан арзандаганын билдирип, ортодо алып-сатарлар 1 литр бензинге 20 сомго чейин кошуп жатканын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө бензиндин дүң баасы түштү. Кечээ күйүүчү майды дүң баада ташыган компаниялар менен сүйлөштүм. Алардын айтымында, АИ-92 маркасындагы бензин 45 сом, АИ-95 49 сомдон экен. Азыр май куюучу жайларда 58 сомдон 65 сомго чейин сатылып жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы каякты карап отурат? Мындай эч качан болгон эмес. Мен да бензин менен иштегем. Биз 2-3 сомдон кошчубуз. Азыр 18-20 сомдон кошуп жатат. Уят деген болуш керек да", - деди Токторбаев.

Ошондой эле ал Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен күйүүчү май саткан ишкерлерди чакырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бензиндин баасын арзандатуу керектигин айтты.

"АИ-92 жок дегенде 47-50 сом, АИ-95 53-55 сом болушу керек. Бензин жок дегенде 10 сомго арзандаса элге бир топ жеңилдик болмок. Ушуну сөзсүз көзөмөлгө алалы, урматтуу депутаттар", - деди эл өкүлү.

Токторбаев сөзүнүн соңунда, эгер депутаттар менен өкмөттүн колунан келбесе президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылууну сунуштады.

Жогорку Кеңеш 25.01.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан