Түркиядагы зилзаладан каза болгондордун жалпы саны 11 миңден ашты

Түркияда жер титирөөдө курман болгондордун саны 9 миңге жетти. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Анын айтымында, каза болгондордун саны 9 миң 57ге жетсе, жаракат алгандардын саны 52 миң 979. Зилзаланын кесепетинен 6 444 имарат кыйраган.
Дүйнөлүк ЖМКлардын маалыматына караганда, Сирияда каза тапкандардын саны 2 662ге жетип, он миңдеген адам жаракат алган.
Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан