Түркиядагы жер титирөөдө көз жумгандардын саны 12 миңден ашты

Түркиядагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миң 391ге жетти. Бул туурасында "Anadolu" басылмасы расмий маалыматтарга таянуу менен жазып чыкты.

Басылмада жазылгандай, жаратылыш кырсыгынан кеминде 63 миң адам жаракат алган.

Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган. Буга байланыштуу Түркияда 7 күн аза күтүү жарыяланган.

Кыргызстандан барган 63 куткаруучу учурда зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарында куткаруу иштерине көмөк көрсөтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан