Түркиядагы жер титирөөдөн 68 саат өткөндөн кийин сегиз айлык Хелен аттуу кыз үйүнүн урандыларынын астынан куткарылды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Азырынча кыздын абалы жана үй-бүлөсү тууралуу башка маалымат жок.
Буга чейин Түркияда урандылардын астында 62 сааттан кийин дагы эки аял тирүү табылган.
Издөө-куткаруу топтору жер титирөөдөн кыйраган үйлөрдүн урандылары астында калган адамдарды издөө иштерин улантууда.
Бүгүн, 9-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз куткаруучулары урандылардын алдынан 19 адамдын сөөгүн алып чыкканын маалымдады.