Кыргыз куткаруучулары Түркияда урандылардын астынан тирүү чыгарган жаран боюнча маалымат

Түркияда Кыргызстандын куткаруучулары урандылардын астынан 16 жашар өспүрүмдү аман-эсен чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Буга чейин ӨКМ кыргызстандык куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан Кахраманмараш шаарындагы имараттын урандыларынын алдынан тирүү адамды таап чыгарышканын жана кошумча маалымат берилерин билдирген.

"Кыргыз куткаруучуларына бөлүнгөн тилкедеги кыйраган имараттын урандыларынын астынан кыргыз-түрк биргелешкен издөө иштеринин натыйжасында аман калган адам чыгарылды. Кубанычтуу окуя Кахраманмараш шаарынын "Он эки субхат" районунда орун алды. Куткарылган адам ошол кыйраган имараттын 5-кабатында жашаган 16 жаштагы түрк жараны экени маалым болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 7-февралга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 67 куткаруучусу Түркияга жер титирөөдө жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн учуп кетишкен. Жекшемби күнү дагы 100 куткаруучу атайын борт менен учууга даярдык көрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан