Түркиянын Коопсуздук башкы башкармалыгы социалдык медиа платформаларында жер титирөө тууралуу чагымчыл билдирүүлөрдү жасаган 475 аккаунттун жетекчисин аныктады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалары жазды.
Андагы маалыматка ылайык, жер титирөө боюнча чагымчыл маанайдагы, жалган маалымат тараткан 56 адам кармалып, анын 14ү камакка алынган. Ошондой эле шылуундук кылууга аракеттенген сайттардын жабылышы камсыздалган.
"Интернет шылуундук үчүн даярдалган 41 сайт жабылып, расмий мекемелердин атын пайдаланып жарандардан акча талап кылган социалдык түйүндөрдөгү 4 баракча боюнча зарыл чаралар көрүлдү. Мындан тышкары, социалдык тармактарда "Жер титирөөгө жардам" чогултабыз деген 3 аккаунтка таандык эсептер аныкталып, бөгөттөлдү", - деп жазылат анда.