"3-4 кабаттан ашпайт". Түркияда март айында 30 миң үйдүн курулушу башталат

Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда үйлөрү кыйраган жарандар үчүн март айынын башынан тарта 30 миң үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык Түркиянын Курчап турган чөйрөнү коргоо, шаарлаштыруу жана климаттын өзгөрүшү министрлиги Массалык турак-жай башкармалыгы (TOKİ) менен биргеликте жер титирөө коркунучу жогору болгон аймактарда турак жайларды курат.

"2003-жылдан бери курулган 1 миллион 180 миң үйү менен элге коопсуз үйлөрдү сунуш кылган TOKİ'нин Кахраманмарашта 5 миң 545, Хатайда 8 миң 18, Османияда 3 миң 323 үйү бар. Зилзаладан жабыркаган 10 провинцияда TOKİ тарабынан жер титирөөгө туруктуу системалар менен курулган 133 миң 759 үйдүн эч биринде кыйроо же структуралык бузулуулар болгон эмес", - деп жазылат анда.

Турак жайлар 3-4 кабаттан ашпайт жана аларды 1 жылда бүтүрүү максаты коюлган. Жер титирөөдө үйлөрү кыйраган же катуу жабыркаган жарандар үчүн курулуп бүткөрүлгөн турак-жайлар этап менен өткөрүлүп берилери айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан