Москва шаарында кыргызстандык К.А. аттуу келин жоолугун чечмекчи болгон полиция кызматкерине кол көтөрдү. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, 33 жаштагы кыргызстандык келин каттоосу жок болгону үчүн полицияга жеткирилген. Полиция бөлүмүндө аялдын манжаларынын изи алынып, сүрөткө тартылып алынган. Ал жерден полиция кызматкери кыргызстандык келинден жоолугун чечүүнү талап кылган. Аял баш тарткан.
Жыйынтыгында полиция кызматкери жоолукту өзү чечкени жатканда кыргызстандык келин аны чаап жиберген. Полиция кызматкерлери "Тез жардам" чакыртышкан. Дарыгерлер полиция кызматкеринин колунда тактар бар экенин билдирген.
Жыйынтыгында кыргызстандык келинге карата административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлдү.