Коңшу Тажикстандын Хорог шаарында табигый кырсыктын кесепетинен сегиз жергиликтүү тургун каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Хорог шаарынын четинде кар көчкү түшүп, турак жайларды басып калган. Анын кесепетинен 8 адам - 4 жаштагы бала жана 4 жашар кыз, ошондой эле 4 аял каза болду. Дагы эки адамдын сөөгү ( жынысы көрсөтүлгөн эмес) эртең менен табылган.
Кар көчкүнүн кесепетинен 22 турак жай, анын ичинен 4 үй толугу менен, 18и жарым-жартылай зыянга учураган.