Сууда сүзүү боюнча Кыргыз улуттук курама команданын мүчөсү Денис Петрашов АКШнын Атланта шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча мелдеште 1-орунду ээледи.
Спортчу 200 метр брасс дистанциясын 1:50:51 аралыгында сүздү. Бул көрсөткүч менен спортчу аталган мелдештин рекордун жаңылады.
Белгилей кетсек, ACC League АКШнын университеттери арасында өтө турган чоң мелдештердин бири.