Башкы прокуратура Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизди

Башкы прокуратурага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түштү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 14-мартта кабарлады.
Материалдарга ылайык, 2023-жылдын 12-мартында саат 01:46 чамасында чакыруу боюнча кызматтык милдетин аткаруу үчүн “Золотой Дракон” ресторанына келген коргоо агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлери А.Дж. жана А.А уулу Жогорку Кеңештин депутаты Ж.Абиров баш болгон болжол менен 7-8 мас абалындагы адамдар, аларды эч бир себепсиз ур-токмокко алып, сабашып, ден соолугуна зыян келтиришкен.
Учурда кылмыш иши боюнча А.Д. жана П.Э. кармалышкан.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иши козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.
"Ошондуктан Башкы прокуратура Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Абировго карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуштама киргизди", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Ал эми мушташка катышкандардын бири депутат Жаныбек Абиров экендиги айтылып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылган болчу.

Октябрь РИИБи Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун үстүнөн арыз түшкөнүн маалымдаган.

Президенттин маалымат катчысы Садыр Жапаровго депутат катышкан мушташ боюнча маалымат берилгенин билдирген. 13-мартта Бишкек ШИИББи калаадагы ресторандардын биринин жанынан массалык мушташка катышканга шектүү катары эки жаран кармалганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан