Казакстандык ырчы Ерке Есмехан жыл башында турмушка чыгып башка ырчы айымдарга жол ачты өңдөнөт. Анткени, Есмехандан артынан эле ырчылар Камшат Жолдубаева жана Гүлназ Жоланова турмуш жолуна аттанышты.
Ерке Есмехан менен рэп аткаруучу Раим ушул жылдын 20-январында нике кыйдырышып, 18-февралда ырчы айымга сөйкө салынган. Жылдыздардын бул кадамын коомчулук чоң талкууга алган.
Коомдун талкуусун Раимдин “Алсыздыкка алдырбагыла. Адам эмес, Кудай каалагандай болот. Баарынан айрылсак дагы, сүйүүбүздү жогото албасыбызды түшүндүк. Токтоткулачы, сураныч”, - деген билдирүүсү басты.
Ерке Есмехандын биринчи жолдошу Асхат Садырбаевден Муслим аттуу уулу бар. Алар 2011-жылы баш кошуп, 2013-жылы ажырашып кетишкен. 2021-жылы ырчы айым “Ninety One” тобунун мурунку мүчөсү A.Z. лакап аты менен таанылган Азамат Зенкаев менен мамиледе экени айтылган. Бирок ошол эле жылы ноябрда алар эки жолго түшкөнү тастыкталган. 2022-жылы декабрда Есмехан менен Раимдин мамилеси бар деген сөздөр тарай баштаган.
Ал эми Раим 7 жыл Наргиза аттуу кыз менен мамиле курганы айтылат. Аталган кыз менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн рэпер мырза социалдык тармактарга чыгарып турган. Бирок алардын мамилесин “Ерке Есмехан менен Раим жакын мамиледе” деген сөздөр бузганы айтылат.
Ерке Есмехандын артынан эле актриса, ырчы Камшат Жолдубаева турмуш жолуна аттанды. Ырчы актёр Газрет Ержанов менен бүлө курду.
Актёрлор “Рауза” сериалына чогуу тартылышкан. Той тууралуу алар эч кандай комментарий берген эмес.
Эске салсак, 2018-жылы ырчы Камшат Жолдубаева Мирбек Атабеков менен чогуу “Тыңда мени” аттуу ырды чогуу аткарышып, клипке тартылышкан.
Дагы бир белгилүү казакстандык актриса Гүлназ Жоланова дагы турмушка чыкты. Ага 18-февралда сөйкө салынган.
Актрисанын жолдошу ким экени азырынча белгисиз. Казак маалымат каражаттарына таянсак, ал белгилүү актёр Аян Отепберген.
Эскерте кетсек, Гүлназ Жоланова кыргыз элине Руслан Акун режиссёрлук кылган “Көк бөрү” тасмасындагы журналист кыздын ролу аркылуу таанылган.