Өрүкзардын "сакурасы" гүлүн ачты (фоторепортаж)

Дүйнөгө өзүнүн өрүгү менен таанылган Баткенде өрүк гүлдөдү. Учурда өрүкзар аппак гүлүн ачып, айланага көрк берип, абаны керемет жыты менен ээлеп алган кези. Ажайып кооз көрүнүштү барып көрүүгө үлгүрбөгөндөр үчүн сүрөттөрдү сунуштайбыз.
Баткендеги өрүк гүлүнүн кооздугун айрымдар Япониядагы "сакура" менен салыштырат. Япондор дүйнөгө сакуранын гүлдөшүн даңкташса, Баткен өрүкзардын керемет жомоктой гүлдөшүн сөз кылат.
Өрүкзар гүлүн апрелдин башында төгүп, мөмөсү июнь, июль айларында бышат.
Сөз кылгандай эле өрүк Баткендин бренди жана да негизги киреше тармагы болуп саналат.
Баткен облусунда 10 миң гектардан ашык өрүкзар болсо, аймакта өрүктүн 20дан ашык сорту бар. Мында ар бир үйдүн короосунан эң аз дегенде 10-15 түп өрүк багын көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан