Белгилүү “D-Billions” командасынын чыгармачыл тобу “Learning Nomad Games” аталышындагы жаңы долбоорду YouTube канал аркылуу дүйнөлүк аянтчага тартуулашты. Бул туурасында толук маалымат алуу үчүн аталган YouTube каналдын жетекчиси Акбар Сүйүнбаевге байланыштык.
“D-Billions” командасы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, көчмөн элдеринин салттык оюндары камтылган жаңы “Learning Nomad Games” аталышындагы видеотасманы дүйнөлүк аянтчага тартуулады. Бул видеотасмабызда кыргыз элинин кылым карыткан боз үйү, ажайып кооз табияты жана көчмөн элдеринин оюн-зооктору чагылдырылган. Бул идея жалпы командабызга таандык. Негизинен биз командабыз менен жыйындарды өткөрүп турабыз. Анын жүрүшүндө команда мүчөлөрү тарабынан айтылган идеялардын эң мыктысын тандап, аны ишке ашырабыз.
Буга чейин элдик “Ой-тобо”, “Акыя” чыгармалары дүйнө элдеринин кызыгуусун жаратып, миллиондогон көрүүлөрдү топтогон.
Биздин максат - кыргыз элинин маданиятын, салттык чыгармаларын кеңири жайылтуу жана каада-салтыбызды, улуттук оюн-зоокторубузду дүйнөгө таанытуу”, - дейт ал.
Эске салсак, “D-Billions” командасынын курамында белгилүү кыргыз эстрада ырчылары Жонни жана Аско Анаркулов бар. Кошумчалай кетсек, 2021-жылы “D-Billions” командасы YouTube`дун "бриллиант баскычына" ээ болушкан. Ал учурда YouTube каналдын 12 миллион катталуучусу болсо, учурда 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар.