Эмил Токтошев: "Абировдун иши депутаттарга сабак болду"

Жаныбек Абиров спирт ичимдигин ичпейт. Бул тууралуу эл өкүлү Эмил Токтошев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда айтып берди.

"Абировдун жасаган иши туура эмес, мандатын тапшырганы туура. Депутат коомдун күзгүсү болушу керек. Биздин артыбызда миңдеген шайлоочулар бар. Биздин баскан-турганыбыздан баштап, бардык аракетибиз үлгү болушу керек. Эми жаштык кылып ката кылып койду. Анын мандатын эч ким ала алмак эмес, бирок коомдун пикирин эске алып, мандатын тапшырды. Бул албетте, депутаттарга сабак болду", - деди Токтошев.

Ошондой эле ал кесиптеши мас болуп алып мушташкан деген сөздөрдү четке какты.

"Арак ичиптир деген жалган жалаага кабылды. Эми элдин баарына далилдей албайт экенсиң да. Биз бир комитетте иш алып барчубуз. Мен билем, ал арак ичпейт, спорт менен машыгат. Өзүңүздөр билгендей, социалдык тармактарга деле машыгуу учурундагы видеолорун чыгарып турчу", - деди эл өкүлү.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.

Эске салсак, 12-мартта депутат Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.

Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

27-мартта ал жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.

5-апрелде Жогорку Кеңешке келип, акыркы билдирүүсүн жасап, депутаттар менен коштошуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан