"Төрага тынчтандыра албай". Депутаттар Жаныбек Абиров менен коштошкон видео

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңешке мандатын тапшырган Жаныбек Абиров келип, акыркы билдирүүсүн жасап, депутаттар менен коштошуп кетти.
Мурдагы депутат өз сөзүндө адашкандыгын айтып, ал үчүн коомчулуктан жана жабырлануучудан дагы бир жолу кечирим сурады. Ошондой эле Абиров депутаттардын бардыгына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Анын сөзүнөн кийин эл өкүлдөрү кол чаап узатышты. Төрага Нурланбек Шакиев экс-депутаттын иштерине ийгилик каалап, келечеги алдыда экенин айтып, ошондой эле жигиттик кылып башкаларга үлгү болгонун белгиледи.
Абиров курамында болгон "Мекенчил" депутаттык тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиев жаш экенине карабай мындай кадам менен улуу муунга дагы саясий жоопкерчиликтин чоң үлгүсүн көрсөткөнүн айтты.
Андан соң депутаттар жанына барып кол алышып, кучакташып коштошту.

Эске салсак, 12-мартта Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.

Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

27-мартта Жаныбек Абиров жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.

Жогорку Кеңеш 05.04.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан