Популярдуулугу боюнча дүйнөдөгү таштанды катары экинчи орунда турган сагыздын даамын өмүрүндө бир да жолу татып көрбөгөн адамды табуу кыйын. Маалыматтарга ылайык, жердин жашоочулары жыл сайын 560 000 тонна сагыз чайнайт. Башкача айтканда, чайналган сагыздардын салмагы болжол менен 112 000 пилге барабар. Target Group Indexэ'тин изилдөөсүнө караганда Түркияда ай сайын 740 тоннанын тегерегинде сагыз чайналып ташталат. Бул ар бир экинчи түркиялык сагыз чайнайт дегенге жатат. Ал эми Кыргызстанда сагыз керектөө боюнча так маалымат жок. Биз чайнап таштаган сагыз ит-куштун өлүмүнө себеп болорун жана экологияга олуттуу зыян келтирерин ар бирибиз биле бербейбиз. Супер фактылар рубрикасында бул жолу сагыз тууралуу сөз болот.
Сагыз – куштардын өлүмүнө себепкер
Көчөдөн, көчө лампаларынан, үстөлдүн астынан, бут кийимдерибиздин таманынан көрүп көнүп калган сагыз айлана-чөйрөнү гана булгабастан, канаттуулардын өлүмүнө да себеп болууда. Орнитологдордун айтымында, канаттуулардын сагыз жеши күмөн, бирок кичинекей сагызды жутуп алса, алардын тумшугуна жабышып, дем алуусуна, тамактанышына жана суу ичишине тоскоолдук жаратат. Натыйжада тумшуктарын кайра ача албаган канаттуулар суусагандан жана ачкалыктан өлөт. Чакан канаттуулар сагызга “жабышып” калышы мүмкүн, мындай учурларды мал доктурлары жана социалдык тармактардын колдонуучулары бир нече жолу белгилешкен.
Сагыздагы ксилит иттерди ууландырат
Ксилит камтыган бир же эки даана сагыз иттердин өмүрүн коркунучка кептейт. Жаныбарлардын уулануусун көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, иттер салмагынын 1 килограммы үчүн 0,1 граммдан ашык курамында ксилит кездешкен азыктарды жеп алса, организминдеги кант деңгээлинин төмөндөп кетиши (гипогликемия) жана боор оорусунун жаралуу коркунучу бар. Мындан тышкары кусуу, летаргия, кыймылды координациялоонун бузулушу, нерв ооруларына чалдыгышы мүмкүн экендигин адистер эскертишет.
Сагыз отуз жылда араң чирийт
Климаты жылуу өлкөлөрдө сагыз бери дегенде 30 жылда араң чирип жок болот. Ал эми суук климатта ал дагы бир нече ондогон жылдар бою жатышы мүмкүн. Бирок ошондо да сагыз таптакыр жок болуп кетпей, көзгө көрүнбөгөн микропластикага айланат.
Эгерде сиз сагызыңызды биринчи классыңызда ыргыткан болсоңуз, ал сагыз чиригенче, сиз чоңоюп, өз алдынча үй-бүлө куруп, дагы миңдеген сагызды чайнап ыргытып жиберүүгө үлгүрөсүз. Ал эми сиздин биринчи ыргыткан сагызыңыз дагы эле жерде айлана-чөйрөнү булгап жаткан болот.
Өзү эле эмес таңгагы да зыяндуу
Дагы бир көйгөй - бул сагыздын бир жолу колдонулуучу кайра иштетилбеген таңгагы, ал көбүнчө таштандыга эмес, көчөгө ыргытылат. Таңгактын курамында полиэтилен кездешет. Полиэтилен плёнкасы суутек жана көмүртек молекулаларына ажырайт. Полиэтилен баштыктарынын ажыроо мөөнөтү алардын калыңдыгына жана тыгыздыгына жараша 5 жылдан 15 жылга чейин созулат.
Баасына караганда арылуусу кымбат
Сагыз көпкө чирип гана тим болбостон, өзүнүн курамы боюнча башка полимерлерге, мисалы, асфальтка – бекем жабышат.
Алсак, Римде асфальттан бир сагызды тазалоо 1 евро турат. Орто эсеп менен жарандар жана туристтер бир күндө 15 000ге жакын сагыз чайнашат. Римде жолду сагыздан тазалоого айына 450 000 евро (дээрлик 40 миллион 500 миң сом) жумшалат. Англияда мындай чыгаша жылына 300 миллион еврону түзөрүн "express-novosti.ru" билдирет. Кээ бир өлкөлөрдө асфальтка сагыз ыргыткандарга чоң айып салынат. Мисалы, Германияда 250 евро айып пул төлөшөт.
Натыйжада сагыздан тазалануу сатыктагы сагыздын өзүнүн наркынан бир нече эсе кымбатка турат.
Көйгөйдү ким кандай чечкен?
Сингапурда сагыз чайнап жаткан жериңизден кармалсаңыз, айып пул катары 1000 сингапур долларын төлөөгө аргасыз болосуз. Ошондуктан, Сингапурга сапар тартуудан мурун чөнтөгүңүздү текшерип, бардык сагыздан арылууну унутпаңыз.
Шаарда тазалыкты сактоо максатында 1992-жылы сагызга тыюу салынган. Шаардык бийлик коомдук жайларды эл ыргытып жиберген же андан да жаманы унаалардын отургучтарына жабышкан сагыздарды тазалоого чоң каражат сарптоого аргасыз болгон.
2004-жылы сагызды дарыканадан дарыгердин рецепти менен гана сатып алууга уруксат берилген. Сатуу максатында өлкөгө алып келгендер 5500 доллар айып пул төлөйт жана бир жылга эркинен ажыратылат.
Башка өлкөлөр бул маселеге анчалык деле радикалдуу мамиле жасабайт. Европада сагыз чогултуу үчүн атайын кызгылт түстөгү таштанды челектер коюлган. Алар өздөрү кайра иштетилген сагыздан жасалган. Ооба, башкача айтканда, Европада сагыз кайра иштетилет. Контейнерден кайра иштетүүчү заводго жөнөтүлөт, анда алар кагаздын жана таңгактын калдыктарынан бөлүнүп, пастага айланат. Муздагандан кийин бул заттан жаңы нерселер: кроссовкалар, бут кийимдердин таманы, резина өтүктөр, карандаштар, фризбилер жана башка пластик буюмдар жаралышы мүмкүн.
Мисал катары, 2018-жылы британиялык изилдөөчү жана дизайнер Анна Буллус сагыз чогултуу компаниясын демилгелеп, ал үчүн Gumdrop көбүкчөлөрү түрүндөгү ачык кызгылт контейнерлерди жасаган. Анна кайра иштетилген сагыздан буюмдарды: резина өтүктөр, сызгычтар, тарактар, бут кийимдердин таманы жана башка буюмдарды жасай баштаган. Ар бир жаңы Gumdrop буюмунда кеминде 20 пайыз сагыз бар.
Калифорниядагы Сан-Луис-Обиспо шаарында сагыздын көптүгүнө наалыган шаар тургундары сагызды дубалга чаптап өзүнчө арт-искусство жаратышкан. 1960-жылдан бери дубалдагы сагыздар Американын кооз жерлеринин бирине айланды.
Сагыз ооздогу жагымсыз жыттардан арылтат, адамды кариестен куткарат дешкени менен, анын айлана-чөйрөгө, ит-кушка тийгизген зыянын эстен чыгарбашыбыз керек.