Мен көргөн бир күн: "Учкучтарды эң алгач биз тапканбыз" дейт Дача-Су кырсыгында куткаруу жүргүзгөн кызматкер

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.

"Мен көргөн бир күн" рубрикасынын бул жолку каарманы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматында 22 жыл кызмат өтөгөн Махабат Назарбекова.

Махабат Назарбекова 1975-жылы Чүй облусуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө төрөлгөн. Беш бир туугандын эң улуусу. Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы мектепте билим алып, ошол жакта балалыгы өткөн. 3 уул, бир кыздын энеси. 1995-жылы Бишкек шаарындагы медициналык колледждин дарылоо акушердик бөлүмүнө тапшырган. Окууну аяктаган соң “Тез жардам”, төрөткана, Улуттук госпиталда эмгектенип, кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунда кызмат өтөгөн. Ошондой эле бул тармак менен Ош облусунда 2 жарым жылдай иштеген. 2007-жылдан 2021-жылга чейин Бишкек шаарындагы куткаруу кызматында эмгектенген. Андан соң үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Ысык-Көл облусуна көчүп, учурда өрт өчүрүүчү, куткаруучу бөлүмүндө нөөмөтчү болуп иштеп жатат.

Кесибимди сүйүп кеттим

- Атамдын теңтуштарынын балдары эркек балдар болгондуктан кичинекейимде ошолор менен көп ойноп калдым. Негедир кыздар менен ойногон жакчу эмес. Оюнчук мылтык, вертолёт, самолёт менен ойночумун.

Апам медицина кызматкери болгондуктан мени ушул жакка түрткүлөдү. Чынында башында каалаган эмесмин, ИИМдин Академиясына тапшыргым келчү. Мындан тышкары, искусство институтуна да өтүүнү каалагам. Кыскасы, ар кандай себептер менен медициналык окуу жайга тапшырууга туура келип калды. Бирок өзүмдү куткаруу бөлүмүнөн таптым десем жаңылышпайм. Иштеп жүрүп эле бул кесипти сүйүп кеттим. Анын үстүнө адамдарга жардам бергенди жакшы көрөр элем.

Жаш балдардын өлүмү зээниңди кейитет

- Ойлонуп көрсөм ар бир чакыруу, ар бир кырсык эсимде экен. Ошолордун ичинен эң таасирленткен окуя оорулуу баланын сууга чөгүп каза болгону болду. Бишкектеги “Көлмө” конушундагы сууга оорулуу бала чөгүп кеткен. Аны жээкке алып чыгып коюшканда энеси баласына баргысы келип, ыйлап жулунган. Туугандары аны такыр баласына коё бербей коюшкан. Ошондо энесинин бугун чыгара албай жатканын көрүп аябай капа болгом. Баласын кучактап ыйлап алса эмне болмок эле...

Жаш балдардын өлүмүнө көп эле күбө болобуз, албетте мындай өлүмдөр зээниңди кейитет. Өлүк балдарды көрөсүң, бирок анын баарын жүрөккө сактай берген болбойт. Биз, куткаруучулар, психикалык жактан туруктуу болуубуз керек.

Дача-Су кырсыгында учкучтарды эң алгач фельдшер кыз экөөбүз тапканбыз

- Эң кичүү баламды 42 жашымда төрөгөм. Ал эки айлык болгон кезде эле жумушка чыгып алгам. Мына ошол учурда Дача-Судагы учак кырсыгы орун алган эле. Биз ал жакка биринчилерден болуп барганбыз. Алгачкы эле милдетибиз - адам, адам мүлктөрүн куткаруу болуп саналат. Бирок Дача-Суга барганыбызда куткара турчу эч нерсе калбаптыр. Көзүң жамандыкты көрбөсүн дегендей, мындай чоң кырсыкка алгачкы ирет күбө болдум. Кара түтүн, согуш талаасына эле түшкөндөй болдук. Ар кайсы жерди казып жатып, “ушул жакта бар экен” десе эле жабылып чуркап калабыз. Чала жан болсо да тирүү адамды тапсак экен деп үмүттөнүп жаттык. Улам эле өлүктөрдү казып чыгышат. Алардын туугандарынын, жакындарынын эмоционалдык соккусу биринчи эле бизге тийди. Жулунуп, тытынып ыйлашат. Аларды кантип сооротушту билбей жаттык. Калп үмүттөрдү бербей, туура, тамырынан тарта сүйлөп, балансты кармоо кыйынчылык туудурду.

Жабырлануучуларды издөө учурунда жанымдагы фельдшер кыз экөөбүз өспүрүмдүн кызыл ашыктан ылдый бутун таап алдык. Дагы бир жерден адамдын ичегилерин таптык. Аларды көк баштыкка чогултуп, өлүктөр турган каптын үстүлөрүнө койдук. Жууркандарды ачып карасак, кош бойлуу, баласын кучактаган бойдон жан бергендер да бар экен.

Мындан тышкары, учактын учкучтарын да алгачкылардан болуп фельдшер кыз экөөбүз көрүп калып, эркек куткаруучуларды чакырганбыз. Алар бүктөлүп калган учкучтардын жансыз денесин алып чыгышты. Айтор, ошол учурда баарыбыз эле тирүү жан тапсак экен деп тынбай издөө иштерин жасадык.

Ошол жакта бир орус киши абдан кайгырып жүргөн. “Мен кечээ эле ушул балдарды көрбөдүм беле” деп улам айтып, сарсанаа болуп жатты. Анан ошол орус коңшусунун жүрөгү кармап калган эле. Кийин да биз менен чогуу издешип жүргөн коңшуларынын бирөөсү ооруканадан жүрөгү ооруп каза болгонун уктум.

Бир учурда үч кызын жоготкон эне да абдан чыркырап ыйлаган. Анын кыздарын биз тапкан болчубуз. “Кыздарым кана?” деп боздоп ыйлайт, же биз айта албайбыз, кошулуп ыйлай да албайбыз. Иши кылып абдан эле кыйын учур болгон.

- Ал кезде кичүү балам төрт айлык болуп калган. Ошол күнү үйгө кечки саат 11:00дөн өткөндө келгем. Баламды эмизип жүрчүмүн, чатырап эмчегиме сүт толуп калган. Физикалык, эмоционалдык жактан да катуу чарчап келгем. Үйгө келгенимде апам башымдан суу айландырып тосуп алды, анткени телевизордон кырсыкты көрүптүр, бир сыйра ыйлаптыр. Ошондо апама жумушумдун кыйынчылыгы билиниптир. Анан мага “Балаңды эмчектен чыгарып толук иште же балаңды үйдө отуруп чоңойт” деген. Ошондо да мен үйдө бала карап отургандын ордуна жумушумду тандаптырмын.

Буга чейин Германия, Ташкентке чейин иш сапар менен эч коркпостон самолётко отуруп барчумун. Дача-Судагы окуядан кийин учакка түшкөндөн коркуп калгам. Учакта Ошко барчу 45 мүнөттүк жолдо кадимкидей нес абалда болуп кыйналгам.

Үйүнө уктаганы кеткен адамды жабыла суудан издеп...

- Бир жылдары Чоң Чүй каналына киши чөгүп кетти деген билдирүү келип түшкөн. Барып көпкө издедик. Негизи ал жерде үч киши каналдын жээгинде ичкилик ичип отурган экен. Анан бирөөсү ошол жерден кетип калат. Экөө аны күтөт, көпкө чейин келбегендиктен издеп баштайт. Бир аздан соң суу жээктен анын бут кийимин таап алышат. Дүрбөлөңгө түшүп, милицияны, куткаруу кызматын чакырышкан. Ал жерге эл топтолуп, баары издөөгө киришет. Бир убакта эл чогулган жерге “Ким чөгүптүр?” деп баягы изделип жаткан адам да келип калат. Көрсө ал үйү жакын болгондуктан уктаганы кетип калыптыр. Ал болсо тиги жанындагы эки кишини сууга чөгүп кеткен го деп ойлогон экен.

Өмүрүн куткарууга арнаган түгөйлөр

- Жолдошум запастагы подполковник Мелисбек Назарбеков. Пенсияга чейин Бишкек шаарынын куткаруу кызматынын башчысы болуп иштеген. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын улук ыкчам нөөмөтчүсү. Ал экөөбүз окуп жүргөндө таанышып, баш кошуп, ушу кезге чейин чогуу эмгектендик. Төрт балабыз бар. Жакынкы күндөрү пенсияга чыкканы турам.

Жумуштан тышкары спорт менен алектенем, ыр ырдайм. Ошондой эле жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча сабактарды мыкты берем.

Болочоктогу куткаруучулар патриот, эрки күчтүү, коркпогон, чыдамкай сапаттарга ээ болуп, жумушун сүйгөн кызматкер болуусу абзел. Адамдар менен туура сүйлөшүп, моралдык жактан жардам бергенди билиши керек. Миссиям - бир өмүр сүрүп, миң өмүр сактап калуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан