Менин жерим: Жолу алты ай гана ачык болуп, электр жарыгы жок, телефон да тартпайт... Баткендин айтылуу Зардалы айылы жөнүндө баян

21-кылымда электр жарыгы, уюлдук телефон, интернет байланышы жок жашообузду элестете албайбыз. Бирок жогоруда аталгандардын бирин колдонбой, кадимки бейкапар турмушта жашап жаткандар да бар. Алар Баткен облусунун эң алыскы бийик тоолуу Зардалы айылын мекендешет.

Аталган айыл район борборунан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдын кышы абдан катаал, эч кандай логистикалык жолдорго байланышкан эмес. Башка айылдар менен туташтырган жалгыз кууш жана таштак жолду жыл сайын бир нече ирет сел алат. Мындайда жергиликтүүлөр биригип, ашар жолу менен эле калыбына келтирүү иштерин жүзөгө ашырышат. Аталган айылдын элинин меймандостугу, жөнөкөйлүгү, биримдиги, ынтымагы көпчүлүктү суктандырат.

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында аты далайга кеткен дал ушул Зардалы айылы тууралуу сөз болот. Айылдын таржымалы, кооз жаратылышы, тарыхый баалуу жайлары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу жергиликтүү депутат Акылбек Дилишатов SUPER.KG порталына баяндап берди.

"Зардалы айылына биринчи жолу мындан 500 жыл мурун Сакы деген киши жакындары менен келип отурукташкан экен. Ал бабабыз келгенде бул аймакта бир түп өрүк менен алмурут гана болгон. Ал киши токойду өрттөп, аймакты жашоо үчүн өздөштүргөн. Ошол убакыттан бери мында эл мекендеп келет. Сакы бабабыздын 6 баласы болгон. Алардын урпактары улам көбөйүп олтуруп, бул айылга батпай калганына байланыштуу 1960-жылы Баткен районунун Кара-Бак айылына көчүрүлгөн. Ал эми көчпөйбүз дегендер Зардалыда калган".

"Биздин айылда электр энергиясы жок. Уюлдук телефон да тартпайт. Бирок жакында эле Wi-Fi уланып, интернет аркылуу байланыш түзүлүп калды. Wi-Fi мектептин имаратына коюлган, жергиликтүүлөр ошол жерге барып жакындары менен байланышышат, интернет аркылуу жаңылыктарды көрүшөт. Айылыбызды башка айылдар менен байланыштырган жолдор жок. Зардалыга бара турган бир эле жол бар. Аны да аба ырайына байланыштуу сел алып кетсе, айрым учурларда таш кулап, башка аймактар менен байланыш токтойт. Мындайда бийликти карап отурбай, айыл эли өзү эле ашар жолу менен жолдорду калыбына келтиребиз. Ал учурда бири малын союп алып келсе, экинчиси нанын бышырып ашарчылардын курсагын тойгузушат. Негизи биздин айыл элинин ынтымагынан айланса болот. Ал эми негизги жалгыз жолубуз жабылып калган учурда ат, эшек же тоо боорундагы жол кызмат кылат. Ал жолубуз 6 ай ачык болсо, 6 ай жабык болот. Жол жабылган кезде элеттиктер тоону аралап, жөө басууга аргасыз болот".

Зардалы айылында 90 гектар жер аянты бар. Элеттиктер негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Мында туруктуу 40ка жакын үй-бүлө, 100дөй эле адам жашайт.

"Жазында айыл элинин саны көбөйүп 500гө жетет. Анткени мектеп учурунда ата-энелер балдары менен кошуна башка аймактарга кетүүгө аргасыз болушат. Буга чейин айтканымдай, биздин мектепте 4-класска чейин эле билим берилет. Окуу жылы жабылганда кайра айылга кайтып келишет. Айылда болгону бир эле башталгыч мектеп бар. Ал 2009-жылы курулган. Мындан сырткары жергиликтүүлөрдүн саламаттыгына кам көргөн бир ФАП иштейт. Башка социалдык объектилер жок".

"Бул жерде айыл чарба техникалары жок болсо да, карапайым эл 90 гектар суулуу аянтты ат, эшек, өгүз менен айдап, эгин өстүрүшөт. Негизинен буудай, картошка, күн карама, жүгөрү эгишет. Химикат колдонулбай алынган түшүмдүн сапаты да жакшы. Картошкабыз азыр шаарда сатылып жаткан жумурткалардан даамдуу. Наныбыздан тээ ата-бабаларыбыздын учурундагы даам сезилип турат. Бизде кадимки суу тегирмендин барасы тынбай айланып, элге ун чыгарат. Негизги киреше тармагы мал чарбачылыгы болгондуктан сүт жана сүт азыктарын даярдоо өнүккөн. Айылдын аймагында 3000 гектар жайыт бар. Жайлоого чыккандар карын-карын майларын, мүшөк-мүшөк куруттарын кышкыга камдай түшүшөт. Элеттиктердин дагы бир киреше булагын өрүк түзөт. Анткени биздин айылда өрүк жакшы түшүм берет".

"Айылдын эли өлкөнүн келечегине кайдыгер карабайт. Ар бир өнөктүккө активдүү катышып, Кыргызстандын келечеги үчүн татыктуу деп билген талапкерине добушун берип келет. Кошуна айылдан тиешелүү адистер келип, элдин добушун алып кетишет".

"Сүрөттөн көрүнүп тургандай эгерде негизги жолубуз кайсы бир себептер менен жабылып калса, тийиштүү адистер минтип тоо аралап биздин айылга жетишет. Айылда интернет жок болгондуктан добуш берүүнүн жыйынтыгы ошол күнү билинбейт. Добуштарды алып кетишет, эртеси күнү гана жыйынтыгын айтышат".

"Саке бабабыз биринчи ушул аймакка келгенде бар болгон бир түп өрүк менен алмурут бүгүнкү күнгө чейин сакталуу. Айылдын түптөлгөнүнө 500 жыл болгон болсо, бул эки даракка 600 жылдын жүзү болгон.

"Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?" деген сөз чындыгында бекеринен айтылган эмес. Белгилүү болгондой, биздин айылга жетүүнүн өзү азап. Бирок ага карабай чет өлкөдөн жана өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген туристтер арбын. Алардын ар бирин жакшы тосуп алып, ысык чайыбызды берип, коноктогону аракет жасайбыз. Айылыбыздын таза абасы, кооз жаратылышы көпчүлүктү суктандырат".

"Сөзүмдүн аягында биздин айыл цивилизациядан алыс калганы менен мында байыркы Кыргыз элинин жашоосу сакталып калган дегим келет. Биздин айылга келгендер элибиздин кең пейилдиги, адамгерчилиги, меймандостугу, эч кайда шашпай, бейкуттукта жашоо кечирип жатканына суктанышат. Биз ар бир Кыргызстандыкты айылыбызда көрүүдөн кубанычта болобуз. Зардалы айылына кош келиңиздер!".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан