Лингвист Махабат Орузбаева: "Азыр айылдан эле окуп келип чет өлкөдөгү окуу жайларга тапшырып кетүү деңгээлиндебиз"

Дүйнөдө англис тилин үйрөнгөндөр, үйрөнүүгө аракет кылгандардын саны күн санап көбөйүп жатат. Анткен менен Кыргызстанда башталгыч класстан бери окуганына карабай англис тилинде сүйлөгөндөр аз. Айрымдар айлап, жылдап тил курсуна барганы менен аны үйрөнө албай жаткандарын айтып келишет. Маселе биздеби же окутуу ыкмасындабы? Дегеле англис тилин өз алдынча кантип үйрөнсө болот? Мына ушул жана башка суроолордун тегерегинде лингвист Махабат Орузбаева SUPER.KG порталына ой бөлүштү.

- Саламатсызбы! Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...

- Атым Махабат Орузбаева. Ысык-Көл облусунун Кожояр айылынан болом. Кесибим – котормочу, лингвист. Тогуз жылдан бери борбор калаадагы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде студенттерге англис тилинен сабак берип келем.

Бул окуу жайдын котормо бөлүмүндө окуган бала биздин айылга барып, кыргыз-кытай ишканасында иштеп калды. 9-класста окуп жаткам, анда эч нерсени билбей жүргөн кезиң да. Анан ошо бала котормочу болом десең ушу университетке тапшыр деп сунуштап калды. Болду, бактымды англис тили адистигине байлайм деп акыркы чечимимди чыгарып койдум. 9-классты бүтөрүм менен Бишкекке келип, англис тил курстарына барып жүрдүм. Ал кезде ЖРТ деген түшүнүк жаңыдан пайда болуп жаткан. Аталган университеттин өзүнүн сынагын тапшырып, ал жакта 5 жыл билим алдым.

- Англис тили сизге кандай мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып берди?

- Экинчи курсту бүткөндөн кийин Американын Флорида штатына жайкы эс алуу учурунда тажрыйба алмашуу максатында жумуш менен барып калдым. Азыр деле бар болсо керек, бул студенттер үчүн сонун мүмкүнчүлүк болчу. Анткени барганда тейлөө кызматында иштеп, акча да таап жаттым, тилди да үйрөнүп жаттым. Эң чоң тажрыйбам ошол болду. Айылдан келген бала үчүн “чү” дегенде эле Америкага баруу кол жетпеген кыял болсо керек. Ал жакка баргандан кийин менде маданий шок болду. Ооба, окуу жайдан мугалимдерибиз айтып берчү, бирок убагында этибарга албасам керек. Кетерде да туугандарыбыз “ал жакта эмне бар, силерди алдап кетет” деп айтар эле. Ошентип учактан түшсөк эле тосуп алар эч кимибиз жок. “Жалгыз калат деген ушу турбайбы” деп баарыбыз ыйладык. Көрсө, убакыт менен айырма болуптур. Биз барган учурда саат 2 экен, тосуп ала тургандар эртең менен 7де келип алып кетишкен. Ал учурда интернет деле күчүнө кире элек болчу. Бир маалыматты интернеттен издөө үчүн 10-15 сом төлөп, анан окучубуз. Эгер ошондо азыркыдай мүмкүнчүлүктөр болсо интернеттен көп нерсени үйрөнүүгө жетишмек экенмин деп ойлоп коём. Андан кийинки чет жакка чыкканым магистратурада Уфа шаарына билим издеп барганым болду.

- Эмне себептен котормочулукту тандаган жоксуз? Мугалимдик кесипти тандооңузга эмне түрткү берди?

- Кесибим котормочу дебедимби. Бирок дайыма бул жаатта иштей албайсың. Себеби үй-бүлөлүк абалыма байланыштуу мен үчүн котормочу болуп иштөө кыйын. Балдарым да кичинекей. Бирок жазма котормо менен үйдөн алектенем. Англис тилиндеги китептерди кыргыз тилине котором. Котормо өзү аябай олуттуу нерсе. Котормого чейинки көп этаптар бар. Эң болбоду дегенде эл алдында чыгып эркин сүйлөгөндү үйрөнүү керек. Мугалимдик кесиптин котормочулукка болгон байланышы көп. Мисалы, студенттерге англис тилинин грамматикасын үйрөтүп жатып эле өзүңдүн билимиңди тереңдетип аласың. Мугалим болуп иштөө мен үчүн ыңгайлуу. Америкадан келгенден кийин эле курстарга кирип, англис тилинен сабак бере баштагам. Себеби ал жакка баргандан кийин өзүмө болгон ишеним пайда болгон.

- Эмне үчүн айлап, жылдап тил курсуна барганы менен бул тилде сүйлөп кеткендер аз? Маселе биздеби же окутуу ыкмасындабы?

- Менимче, максатты тандоодон көз каранды. Университетке чейин эле өз алдынча англис тилин үйрөнүп, максатын так койгон окуучулар жок эмес. Анткени алар чет өлкөдө окуу же иштөө үчүн англис тилинин канчалык деңгээлде керек экендигин билишет. Интернеттин заманында тил үйрөнүү үчүн мүмкүнчүлүктөр көп. Ошондой эле бул жерде мугалимдин да ролу чоң. Мугалим деген шык берүүчү адам, “мотор” болушу керек. Анткен менен окуучуга канчалык жардам берип, аракет кылсаң деле окубай койгондор бар. Эл оозунда “мектепте эч нерсе үйрөтпөйт, система мындай” деп айтыла берет. Жеке тажрыйбама таянып айтсам, 40 пайызы мугалимден, 60 пайызы окуучунун өзүнөн көз каранды. Бул жерде кызыгуу жана максаттын тактыгы маанилүү деп ойлойм. Азыр айылдан эле окуп келип чет өлкөдөгү окуу жайларга тапшырып кетүү деңгээлиндебиз.

“Тилди тил курстарынан эле үйрөнүп албайбы, 4-5 жыл университетте окуунун эмне кереги бар?” деген суроо жаралышы мүмкүн. Лингвист башка, ал тилде сүйлөй билүү такыр башка нерсе. Тил курстарынан тилди үстүртөдөн үйрөнөсүң, ал эми ошол үйрөнүп жаткан тилиңди казып окуу, изилдөө лингвисттин иши. Тереңдеп үйрөнгөн сайын тилди баалап да баштайсың. Андыктан лингвист болом десең университетке тапшырып, ал жактан билим алганың туура.

- Мугалим катары өзүңүздүн үстүңүздөн иштейсизби? Өзүңүздү өнүктүрүү үчүн кандай аракеттерди жасайсыз?

- Окуучу, студенттер менен катар биз, мугалимдер да дайыма окуйбуз, изденүүнүн үстүндө болуп турабыз. Жумушумдун ушу жери жакшы. Үйдөн үй тиричилигинен бошобой калышың мүмкүн, ал эми студенттер менен жарыша окуганда жоопкерчиликти сезесиң. Мындан сырткары, күнүнө англис тилинде китеп окуйм, жаңылыктарды да англисче окуганга аракет кылам.

- Азыркы тапта башка тилден кыргыз тилине же тескерисинче тилден тилге которуунун абалы кандай деп ойлойсуз?

- Дипломдук ишимди жазганда бул нерсени аябай байкадым. Чындыгында, кыргызчага которулган жомоктор, чыгармалар жок болсо керек деп ойлогом. Көрсө, буга чейин ал жөнүндө маалымат издеп көрбөгөндөн кийин жоктой сезиле берет экен. Мен жаңылыптырмын, башка тилден кыргыз тилине түзмө-түз которгон жазуучу жана котормочу Турусбек Мадылбай баштаган бир топ котормочуларыбыз бар экен. Ооба, көпчүлүк учурда котормолор ортомчу тил, тагыраагы, орус тили аркылуу которулат. Мындайда чыгарма бир тилден экинчи тилге, андан үчүнчү тилге которулуп жатып көркөмдүүлүгүн жоготуп коёт. Ал эми түпнускадан кыргыз тилине котороюн десең барып эле акча маселесине такалат. Мисалы өзүм каалаган китепти алып, которууга мүмкүнчүлүк жок. Мамлекет да бул жагынан көмөк көрсөтүүсү керек. Мындан тышкары, котормо жаатында билим алып жаткан жаштар менен котормочулардын ортосунда байланыш болсо алгылыктуу иштер жасалат беле дейм. Көпчүлүк студенттер окуу жайды бүткөндөн кийин кайда барарын билишпейт. Ушунча жылдан бери алган билимди колдонуп калуу керек го. Ооба, бизде котормочулар союзу бар. Бирок алар жаңыдан гана иш алып барып жатышат. Бул дагы да болсо сүйүнтөт.

- Англис тилин үйрөнөм деген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Биринчиден, англис тилин үйрөнө аларына 100 пайыз ишеним керек. Кээ бир адамдардын тил үйрөнүүгө жөндөмү жок. “Англис тили мага эмне үчүн керек” деген суроого жооп берсеңиз кийинки кыла турган кадамыңыз жеңилирээк болот. Күнүгө тынбай окуп, акырындан болсо да кадам жасай берүү керек. Англис тилинде ойлонууга аракет кыла бериңиз. Ордунда турган суу деле сазга айланат да. Андыктан аракет жана изденүү керек. Бир-эки күн эле тил үйрөнүүгө убакыт бөлбөй койдуң дегиче тил унутулуп баштайт.

- Маегиңизге чоң рахмат!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
i-bilim
2023-05-30 10:05:00
Ушундай шыктандырган, багыт бере алган, көзду ачкан адамдардан маек алып тургулачы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан