Футбол боюнча Ооганстан курама командасы Кыргыз курамасына каршы оюнда оюн бүтө электе эле талааны таштап кетти.
Кошумча мүнөттө чабуулчу Эрнист Батырканов гол киргизип, эсепти 1:0гө айлантты. Андан кийин Ооганстан курамасынын башкы машыктыруучусу талаага чуркап чыгып, футболчуларын түртүп алып кирип кетти.
Бул үчүн ага кызыл айып кагазы көрсөтүлдү.
Калыс бир нече убакыт Ооган курамасын талаага чыгышын күттү. Бирок алар кайтып чыкпаганына байланыштуу оюн жыйынтыкталып, Кыргызстан курамасы 1:0 эсебинде жеңишке жетти.
Оюнга өлкө башчы Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы күбө болууда.