Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров Бишкекке кайтып келе жатат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Шүкүров Иранга каршы ойнойт. Ал жаракатынан айыккан.
Турнирдин регламентине ылайык, ар бир беттеште жарыяланган 23 оюнчунун тизмеси өзгөрүшү мүмкүн. Оюнга берилген расмий арыз 35 оюнчудан кем болбошу керек.
Белгилей кетсек, Кыргыз курамасы Иранга каршы оюнун 16-июнда өткөрөт. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.