Ала-Арча дарыясы он жылдан бери биринчи жолу тазаланууда

«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы Ала-Арча дарыясын күчөтүлгөн кол жана механикалаштырылган тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Ала-Арча дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы биринчи кадам болуп саналат. Скрябин жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Ахунбаев көчөсүнө чейин тазаланууда. Дарыянын жээгинде куурап калган бадалдарды жана бак-дарактарды кыюу, камыштарды жана башка отоо чөптөрдү чабуу иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, аталаган дарыяда мындай иштер 10 жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан