
Жогорку Кеңештин депутаты
Шайлообек Атазов "чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартты. Бул тууралуу юрист
Таттуубүбү Эргешбаева социалдык тармактагы баракчасында жазып, Атазов менен маегин бөлүштү.
"Кубанычтуу кабар, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов чет өлкөлүк агенттер боюнча мыйзам чыгаруу демилгесинин (КЭУлар жөнүндө мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор) демилгечилеринин тизмесинен чыгуу чечимине келди. Мен башка депутаттарды Атазовдун оң, акылга сыярлык үлгүсүн ээрчүүгө чакырам", - деп жазды Эргешбаева.
Ал эми Атазов учурда талкууга коюлуп жаткан мыйзамдын мазмуну башкача болуп жаткандыктан авторлуктан баш тартып жатканын айткан.
"Мен алты мыйзамдын авторумун. Мындан ары да спорт, жаштар, саламаттык сактоо, билим берүү боюнча, өзгөчө миграцияга байланыштуу мыйзамдарды жазып жатам. Чет элдик агент тууралуу мыйзам жазганда биз Кыргызстанга түрдүү тармактардан келип жаткан жардамдарды тосуп салууга себепчи болуп калбашыбыз керек. Саламаттык сактоо, билим берүү, спорт, мечит, медреселерге келип жаткан чоң-чоң гранттарга да тоскоолдук болбогондой болушу керек", - деди эл өкүлү.
Эске салсак, аталган мыйзамдын авторлугунан буга чейин Таалайбек Масабиров, Таалайбек Сарыбашов, Мейкинбек Абдалиев, Эмил Токтошев, Бактыбек Чойбеков жана Эмил Жамгырчиев баш тарткан.