Ак-Өргө конушунун тургуну таштандылар өз убагында тазаланбай жатканын айтты (фото)

Бүгүн, 3-июлда Бишкектеги Ак-Өргө конушунун тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды. Ал "Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштандыны өз убагында алып кетпей жатканын айтып, нааразы болду.

"Тазалыктын" кызматкерлери бирде келип, бирде келбей тажатты. Негизи жума сайын келип, таштандыларды өз убагында келип алып кетиши керек эле. Мына таштандылар үйүлүп, жыттанып жатат.

Төлөм дагы 1-июлдан тарта кымбаттады деген. "Тазалыкчылар" келбеген жумасына деле акчаны чогултуп алып жатышат. Жок дегенде таштандыны алып кетпеген жумасына төлөмдү албай эле коюшса жакшы болмок", - дейт тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан