Кытайдын ЖОЖдоруна бюджеттик негизде 10 кыргызстандык өттү

Кечээ, 4-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кытай элчиси Каныбек Иманалиевге КМШ Стипендиялары программасынын алкагында Кытайдын жогорку окуу жайларына өткөн 10 кыргызстандык стипендиаттын тизмесин тапшырды.

Элчи Ду Дэвень кыргызстандык студенттер аракетчил келерин айтып, Кыргызстандан барган студенттер Кытайдын жогорку окуу жайларында билимин мыкты көрсөткүчтөр менен улантып жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал 13-июлдан 25-июлга чейин Кытайда уюштурула турган жайкы лагерге кытай тарап эки окуучуну бир коштоочусу менен чакырып жатканын кабарлады.

Министр Каныбек Иманалиев Ду Дэвенге жагымдуу жаңылыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жайкы лагерге бара турган окуучулардын тизмеси 1-2 күндө такталып, жибериле тургандыгын айтты.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ынак достук жана жакын коңшулук мамилелерине негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүдө билим берүү жана илим тармагы өзгөчө орунга ээ экендигин белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан