Түркияда эки жумадан бери дайынсыз болуп жаткан Жазгүл Шамуратова табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июлда Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековдун, Түркиянын ИИМдин орун басары Мехмет Акташтын жана Түркия ИИМдин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте иш алып баргандыгынын натыйжасында Стамбул шаарында дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы Жазгүл Шамуратова табылды.
Учурда Стамбул шаарынын Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө Шамуратованын жоголуп кеткендигинин себептери такталууда.