Биз социалдык тармакта

Оштон Жидда шаарына үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу пландалууда

"Ош" эл аралык аэропортунан Сауд Арабиядагы Абдулазиз падыша эл аралык аэропортуна туруктуу каттам биринчи жолу ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Сауд Арабиясынын "Flynas" авиакомпаниясы август айында Жидда-Ош-Жидда багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну максат кылууда.

"Жаңы багыт боюнча биринчи авиакаттамдын болжолдуу убактысы 21-август. Жиддага каттамдарды "Airbus A320neo" учактары менен жумасына 3 жолу аткарылышы күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан