Футбол боюнча Кыргызстандын Улуттук курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Александр Крестинин 10-июнда Өзбекстандын "Бунёдкор" клубу менен бир жылдык келишимге кол коюп, машыктыруучулук кызматка дайындалды. Акыркы жылдарда Супер Лигада жакшы атаандаштык көрсөтө албай, күйөрмандарын жогото баштаган белгилүү клуб Мурод Отажонов баштаган машыктыруучулар штабын жумуштан кетирди. Учурда аталган кызматка жаңы шайланган орусиялык машыктыруучу Александр Крестининге команда жетекчилиги чоң үмүт артып турган убак.
"Бунёдкор" клубунда убактылуу директордун милдетин аткарып жаткан Мурод Алиев "Чемпионат Азия" басылмасына берген маегинде, Александр Крестининге алдыңкы 6 ай ичинде клубдун Супер Лигадагы абалын жакшыртуу керек деген чоң тапшырма жүктөлүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Крестининдин Кыргыз улуттук курама командасындагы жетишкендиктерин баалап, ал бир канча машыктыруучунун арасынан атайын тандалып алынганын билдирди. Маектин кыскача үзүндүсү төмөндө:
- Сиз директор болгондон бери клубда бир катар өзгөрүүлөр болду. Мурдагы машыктыруучулар штабы академияга өткөрүлүп, анын ордуна орусиялык насаатчы Александр Крестинин келди.
- "Бунёдкор" учурда Супер Лиганын турнирдик жадыбалында өзүнө жарашпаган 8-орунду ээлеп турат. Мурдагы машыктыруучулар штабына биринчи айлампада жакшы мүмкүнчүлүк берилди. Бирок жыйынтык канааттандырарлык болгон жок. Баарына белгилүү болгондой "Бунёдкор" башка командаларда жок мүмкүнчүлүктөргө ээ. Биздин академиябыз, бир катар футбол талааларыбыз бар. Биз аларды эффективдүү колдонуп, жакшы көрсөткүчтөргө жетишибиз керек.
- Эмне үчүн Александр Крестинин?
- Биз көптөгөн машыктыруучуларды изилдеп чыктык. Крестинин Кыргызстандын Улуттук курамасы менен жакшы жыйынтыктарга жетишкен. Албетте, улуттук кураманын деңгээли башка. Биз Крестинин тууралуу кимден сурабайлы, жакшы гана сөздөрдү угуп жаттык. Мен аны жеке таанычу эмесмин. Таанышканыма абдан кубанычта болдум. Азыр үч күндөн бери команданы машыктырып жатат. Бардык ишти жогорку деңгээлде аткарууда.
- Крестинин "Бунёдкордо" Супер Лиганын башка машыктыруучуларына салыштырмалуу канча маяна алат?
- Азырынча эч нерсе айта албайм. Алдыдагы 6 ай Александр Крестинин үчүн абдан маанилүү болот. Келишим ушул жылдын аягына чейин түзүлгөн. Эгер жыйынтык биз күткөндөй болсо, келишимди андан ары узартууга даярбыз.
"Бунёдкор" клубу
"Бунёдкор" катардагы эле команда эмес. Ал Өзбекстандын эң белгилүү жана көп титулдуу клубдарынын бири. Клуб 2005-жылы түзүлгөн жана андан бери Супер Лиганын 5 жолку, Өзбекстан Кубогунун 4 жолку чемпиону болууга жетишкен. Ошондой эле, Өзбекстан Супер Кубогун жеңип алган. Эл аралык деңгээлдеги ийгиликтерине кайрылсак, 2008 жана 2012-жылдары АФК Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чейин жетип барган. Команда оюндарын 34 миң көрүүчүнү батырган "Миллий" стадионунда өткөрүп келет. Аталган арена Өзбекстандын Улуттук курама командасынын да беттештерин кабыл алат.
"Миллий" стадиону
Бирок акыркы жылдарда клубдун Супер Лигадагы абалы жакшы болбой келет. Атап айтсак, 2021-жылдагы сезонду 5-орун менен жыйынтыктаса, былтыркы жылы 8-орунга түшүп калган. Ал эми быйыл да 16 упай менен турнирдик жадыбалда 8-катарды ээлеп турат. Команда акыркы 5 оюнда бир да жолу жеңишке жетишкен эмес. Учурда Супер Лиганын биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Алдыда клубдун дагы 13 беттеши бар. Демек, Александр Крестининде "Бунёдкор" менен кубокко жетише албаса да турнирдик жадыбалда команданын абалын жакшыртып, жетекчиликтин ишенимин актоого жакшы мүмкүнчүлүк бар десек болот.
Александр Крестинин Кыргызстандын Улуттук курама командасында 9 жыл (2014-2023) машыктыруучулук кызматты аркалады. Анын тушунда Кыргызстан 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда плей-офф баскычына чейин жетип, тарыхый ийгилик жараткан. Бирок акыркы жылдардагы команданын начар көрсөткүчтөрү ага карата күйөрмандардын нааразычылыгын күчөттү. Натыйжада ал кызматтан кетип, анын ордуна чехиялык машыктыруучу Штефан Таркович келген.