"Көбөйгөн маяна, жаңы 5 кесип". Билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр

Окуу жылы башталарына дээрлик 1 ай калды. SUPER.KG порталы жаңы окуу жылына карата пландалган өзгөрүүлөр, коюлган талаптарды кыскача тизмектеп көрдү.

Мектеп формасы

Өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ болушу керек.

Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат:

  • ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак. Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет.

Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат:

  • классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак. Пиджак, көйнөк жана шым бир түстүү же чакмак кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) тигилет.

Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш. Ошондой эле окуучулардын формасында мектептин же класстын айырмалоочу белгилери катары эмблема, төш белги, сайма жана башкалар болушу мүмкүн.

Мындан сырткары маалыматта социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз экени жана алар окуучуну “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болору айтылат.

Окуу дептери

Мындан ары окуучулар колдонуучу окуу дептерлери Кыргызстандан чыга баштайт. Министр Каныбек Иманалиев улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептерлер улуттук патриоттук деңгээлди жана өндүрүштү көтөрөрүн айткан. Ошондой эле ал Кембридж университети менен окуу китептерин басып чыгаруу боюнча меморандумга кол коюлганын, быйыл 600 миң окуу китеби басылып, 1-сентябрда пайдаланууга берилерин билдирген.

Мектеп директорлору менен окуу бөлүмүнүн башчыларынын айлыгы

Өлкөдө күз мезгилинен баштап мектептердин директорлору менен окуу бөлүмүнүн башчыларынын (завуч) айлыктары көтөрүлөт. Бул тууралуу 18-июлда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мектеп администрациясынын айлыгын көтөрүү пландалып жатканын айткан. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинен айлык канча пайызга жогорулары тууралуу кийин маалымдарын билдирди.

Мектептерде акча чогултуу

Кыргызстандын мектептеринде мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 27-майда кол койгон. Ага ылайык, 1-класстан 11-класска чейинки мектептерде төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- мыйзамсыз акча чогултууга;

- мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө;

- мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаты милдеттүү түрдө Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен бөлүнөт деп белгиленсин.

Тарых сабагы 3D форматында окутула баштайт

Өлкөдөгү мектептерде тарых сабагы 3D форматында окутула баштайт. Бул тууралуу 24-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирген. Ал кыргыз тарыхынын 40 томдугу чыгарылып жатканын, мындан ары жаңы тарыхый табылгаларга стипендия берилерин белгилеген.

Жаңы 5 кесип

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Ала-Тоо” эл аралык университетинин базасында жаңы инновациялар жана IT медицина университети түзүлөрүн билдирген. Жаңы окуу мекемесинде климаттык өзгөрүү, урбанистика, жасалма интеллект, логистика жана IT медицина сыяктуу 5 жаңы кесип даярдала турганы айтылган.

Президенттик "Акылман" лицейи

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи" мекемеси түзүлгөн. Аталган лицей эки айдан кийин иштеп баштарын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев социалдык тармактагы баракчасына жазган. Президенттик лицейге 6-классты ийгиликтүү аяктаган окуучулар тапшыра алышат. Мекеме түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигине баш ийип, педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшыртылган шарттары каралат.

Белгилей кетсек, республика боюнча жалпы 2350 мектеп бар. Анда 1 миллион 400 миңден ашык окуучу билим алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан