Ысык-Көлдө скутер менен болгон кырсыкта аман калган кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, 23-июль күнү Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунган. Натыйжада 3 адам оор жаракат алып, экөөсү ооруканада көз жумса, бирөө жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Учурда аман калган кыз райондук ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын абалы туруктуу.
Бүгүн, Ысык-Көл ОИИБи скутердин 16 жаштагы айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. Ага "этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.