Казакстандын борбору Астанада эки баласы менен кошо 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, куткаруу кызматына эки баласы бар аял 9-кабаттын терезесинен секирүүгө аракет кылып жатат деген билдирүү келип түшкөн. 9-кабатка чыккан милиция кызматкерлери улуу баласы атасынын колунда экенин, кичүү баласы бар аял "бирөө келсе секирип кетем" деп кыйкырып жатканын угушкан. Андан соң укук коргоо органдары батирге кирип, балалуу аялды секирип кете электе куткарууга үлгөрүшкөн.
Кийинчерээк белгилүү болгондой, 24 жаштагы келин үй-бүлөлүк пикир-келишпестиктен улам ушундай кадамга барган. Окуяга байланыштуу аялдын күйөөсүнө Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 73-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык административдик протокол түзүлгөн. Аталган үй-бүлө укук коргоо органдары тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.
Ал эми 24 жаштагы аял кризистик борборго жеткирилип, ага психологиялык жардам көрсөтүлгөн.