Бүгүн, 19-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кечээ кызматтан алынган жетекчилердин кимдер экенин ачыктады.
Маалыматка ылайык, ИИМдин коллегиясынын кезексиз жыйынында ички иштер министринин буйругу менен төмөнкү жетекчилер кызматтан алынды:
- Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Ногойбаев;
- Бишкек ШИИББинин башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары Кылычбек Жолдошов;
- Бишкек ШИИББинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча кызматынын башчысы Мухтарбек Токтогулов;
- Чүй ОИИББинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын башчысы Азамат Имангазиев.
Мындан тышкары ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынынын 5 жетекчилик курамдагы кызматкерлери, Бишкек ШИИББинин 3 жетекчилик курамдагы кызматкерлери, Чүй ОИИББинин 4 жетекчилик курамдагы кызматкерлери ар кандай тартиптик жазаларга тартылганы кошумчаланды.
ИИМ тараткан маалыматта кызматтан алынган дагы 2 жетекчинин аты-жөнү айтылган эмес. Мекеменин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына жогоруда аты аталган жетекчилер министрдин буйругунун негизинде кызматтан алынганын айтып, калган эки жетекчи Бишкек ШИИББинин башчысынын буйругуна ылайык кызматтан алынганын, алар боюнча маалыматты шаардык башкармалык берерин билдирди.
Эске салсак, 17-августта УКМК синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген деген шек менен 5 милиция кызматкери кармалганын маалымдаган.
Андан көп өтпөй ИИМ бул боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген. Кечээ министрлик аталган окуяга байланыштуу 18 жетекчи жазаланганын маалымдаган.
Анда айтылгандай, алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулса, калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулган.