Баңги зат соодасына аралашкан деген шек менен кармалган милиция кызматкерлери эки айга камалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунунан билдирди.
Маалыматка ылайык, алар соттун чечими менен 15-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болушат.
Эске салсак, 17-августта УКМК синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген деген шек менен 5 милиция кызматкери кармалганын маалымдаган.
Андан көп өтпөй ИИМ бул боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген. Кечээ министрлик аталган окуяга байланыштуу 18 жетекчи жазаланганын маалымдаган.
Анда айтылгандай, алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулса, калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулган.
Бүгүн бул окуяга байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган жетекчилер кимдер экени маалым болду.