Украинанын президенти Володимир Зеленський "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожинге таандык учактын кыйрашына комментарий берди. Бул тууралуу Украинанын УНИАН агенттиги жазды.
Киевдеги брифингде Зеленський Украинанын бул окуяга тиешеси жок экенин айткан.
"Биздин бул нерсеге эч кандай тиешебиз жок. Кимдин тиешеси бар экенин баары түшүнүп турат", - деген ал.
Эске салсак, 23-августта Тверь облусунда Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары каза болгон. Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгонун жарыялаган.
Пригожиндин өлүмү тууралуу маалыматтардан кийин, АКШ президенти Жо Байден ага эмне болгону тууралуу так маалыматы жок болсо да, учактын Тверь облусунда кыйраганына таң калбасын билдирген.
Көп өтпөй, Орусиянын президенти Владимир Путин Пригожинге таандык учактын кулашы тууралуу үн катып, аны эскерген. Путин каза болгондордун жакындарына кайгыруу менен көңүл айткан.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров да Телеграм каналында кыйроого учураган бизнес учагынын бортунда болгон делген Пригожиндин элесине арнап коштошуу постун жарыялаган.