Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында ит тиштеп алган 8 тургун ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунан билдиришти.
Маалым болгондой, Кызыл-Кыя шаарынын 8 тургунун белгисиз ит тиштеп алганы белгилүу болгон. Ит табылып жок кылынган. Баткендеги ветеринардык лабораторияга кийинки изилдөө үчүн патологиялык материал (иттин мээси) алынган. Ошондой эле иттин буга чейин 3 бодо малды тиштеп алганы аныкталган.
"Бул иттин тиштөөсүнөн жабыркагандардын бардыгы Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун травматология бөлүмүнө жаткырылып, аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалган. Инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар улантылууда",- деп айтылат маалыматта.