Кечээ, 29-августта "Вагнер" аскердик менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин сөөгү жерге берилди. Маркумдун сөөгү Санкт-Петербургдун "Порохов" көрүстөнүнө коюлганын ишкердин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, маркум менен коштошуу жабык өттү. Мындан сырткары, Пригожин менен коштошууну каалагандар көрүстөнгө келип, коштошуп кетсе боло турганы айтылды.
Эске салсак, 23-августта Тверь облусунда "Вагнердин" негиздөөчүсү Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары каза болгон. Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгонун жарыялаган.
Кийинчерээк Пригожиндин сөөгү өлүкканадан таанылганы айтылган.