Бишкекке 15 күндүн ичинде жаңы автобустар алып келинет. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров убада кылган 1000 автобустун алгачкы партиясы жолго чыкты. Кытайдан келе жаткан Zhongtong үлгүсүндөгү 50 автобус учурда Торугарт көзөмөл-өткөрмө пунктуна жетип калды. Автобустар борбор калаага 15-августка чейин келет", - дешти мэриядан.
Буга чейин Бишкектеги автопарк оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы автобустарды алып келүүгө даярдык көрүлүп жатканы айтылган. Мэрия ишкананын базасындагы 300 даана эски "Ясин" үлгүсүндөгү автобустар сатылганын кабарлаган.