Бишкек-Балыкчы багытындагы поезд каттамы 1-сентябрда токтойт. Бул тууралуу "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, Балыкчыга жүргүнчүлөрдү ташыган поезд каттамы 1-сентябрда токтоп, бул каттам 2024-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданат.
Бишкек-Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тагыраагы июнь айынан 31-августка чейин каттам иштээри айтылат.